Оттук, Казан-Куйган айылдары

Нарын: «Мен кесипкөй адис» аттуу сынак өткөрүлдү

9 Ноябрь 2025 жыл 14:16
Көрүүлөрдүн саны: 53

 7-ноябрда М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата «Жаш кесипкөй адис» аттуу сынак райондук деңгээлде өткөрүлдү.

Сынактын максаты — жаштардын кесиптик деңгээлин, чыгармачылык жана таланттарын шыктандыруу, ошондой эле алардын келечекке болгон көз карашын колдоо.

Иш-чарага ар кыл тармактарда эмгектенген жаш адистер катышты. Атап айтканда, мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары, медициналык кызматкерлер жана айыл өкмөттөрдө эмгектенген кызматкерлер,  жалпы 11 катышуучу өз күчтөрүн сынашты.

Жалпы катышуучулар

Сынак төмөнкү тапшырмалардан турду:

I тапшырма – “Мен – кесипкөй адисмин”
Катышуучулар өздөрүн тааныштырып, кесиптери тууралуу айтып беришти.

II тапшырма – “Мен – өнөрлүү жашмын”
Ар бир катышуучу өзүнүн өнөрүн көрсөттү (ыр, бий, кол өнөрчүлүк ж.б.).

III тапшырма – “Келечектеги Кыргызстан”.
Катышуучулар Кыргызстандын келечеги тууралуу өз ойлорун чагылдырган видеороликтерди көрсөтүштү.

Сынактын жүрүшү

Сынакка ар кайсы тармактан жаш адистер катышып, тапшырмаларды аткарууда демилгелүү, жоопкерчиликтүү жана ишке болгон мамилесин мыкты деңгээлде көрсөтүштү. Иш-чаранын жыйынтыгында мыктылар аныкталып, уюштуруучулар тарабынан тиешелүү сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

Сынактын жүрүшү

Сынактын жүрүшү

Сынактын жүрүшү

“Жаш кесипкой адис”сынагында Баш байгенин ээси Алмазбекова Акылай- Э. Дайракунов атындагы айыл аймагынын Казан-Куйган айылы, Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими- 20000 (жыйырма миң) сом менен сыйланды;

I-орун Жылтырова Кыял Тураровна- Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылы, Ж.Өмүралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин көркөм өнөр адиси- 15000 (он беш миң) сом;

II-орун Кенжебек кызы Тянь-Шань — Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылы социалдык педагог-10000 (он миң) сом менен сыйланды;

III-орун Иманалиева Мираида- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылдык ҮДТнун медайымы- 8000 (сегиз миң) сом;

III-орун Кокумбай кызы Нурзада- Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылынын “Умсунай-Апа” бала бакчасы, чарба башчысы- 8000 (сегиз миң) сом;

Сынактын жүрүшү

Кызыктыруучу сыйлык 5000 (беш миң)сом менен сыйланышты:
1. Күлүмкан Алмазбек кызы -Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылдык ҮДТнун медайымы;

2. Адинай Имерова — Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, социалдык кызматкер;

3. Сагынов Эрбол Зарылбекович- Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылы, жетектөөчү адис;
4. Жылдыз Темирбек кызы — Учкун айыл аймагынын Куланак айылдык Т.Жумакаева атындагы маданият үйүнүн маданий-массалык иштерди уюштуруучусу;

5. Жылдыз Илиязова — Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылдык “Эмгекчил келечеги” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы;
6.  Бегимай Кумарбекова- Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылдык А.Жутакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

“Жаш кесипкөй адис” сынагы өз жыйынтыгына келип, таланттуу, демилгелүү жана максаттуу жаш адистердин мүмкүнчүлүктөрү дагы бир жолу далилденди. Сынакка катышкан ар бир катышуучу өзүнүн кесипкөйлүгүн, чыгармачылыгын жана замандын талабына ылайык ойлонуу жөндөмүн көрсөтө алды.

Гулнара Кенжеш кызы