Оттук, Казан-Куйган айылдары

16 Декабрь 2024 жыл 9:00
Көрүүлөрдүн саны: 57

8-декабрь 2024-жылы Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 500дөн ашык жаш таланттар катышкан «Бала Шабыты» эл аралык кароо-сынак болуп өттү. Бул сынакка Кыргызстандын Нарын облусунан Нарын райондук «Өрнөк» балдардын чыгармачылык билим борборунун, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин, Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары катышып, алдыңкы орундарды багындырып кайтышты.

«Бул сынак  окуучулар үчүн эң сонун шыктандыруучу белек болду.  Эл аралык аренага аалып чыгып биздин таланттуу, шыктуу окуучуларыбыздын тушоосун кестик. Окуучуларыбыз абдан жакшы даярдыкта болчу. Кыргызстандын атынан чыкканда, желегибиз желбиреп, жеңишке жеткенде ушундай бир толкундоолор болду.  Биз окуучуларыбыз менен келечекте чоң комузчулардан болооруна ишенип абдан сыймыктанып жатабыз. Сынак башталганда эле алгач бий боюнча эки кызыбыз бийлеп, бир кызыбыз гран при, бир кызыбыз I орунду багындырышты. Ошентип, эл журтубузга жүзүбүздү жаркыратып келдик. Бул жеңиш биздин мамлекетибиз, облус, мектебибиз үчүн чоң стимул болду. Окуучуларыбыздын келечеги алдыда. Абдан кубанып, толкунданып жатабыз», — дейт Эсенбек Майрыков.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи учуру

Бий номинациясы боюнча Сумая Темирбекова «Баш байгеге» , Адинай Ишенбекова 1-орунга ээ болушту

«Менин бул бий өнөрүмө эң биринчи ата-энем түрткү болгон. Андан кийин эле Аида эже көп билбеген нерселеримди үйрөтүп, колдоп келет. Эжекемдин эмгеги менен гран при жеңүүчүсү аталдым», — дейт Сумая Темирбекова.

Аспапта ойноо номинация боюнча «Келечек» комузчулар ансамбли «СУПЕР Баш байгеге», «Атай» комузчулар ансамбли «Баш байгеге» ээ болушту

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин социалдык  педагогу Айзат Рахматова: «Казакстанда болгон  «Бала шабыты» аттуу эл аралык кароо-сынакка Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинен 9 окуучу катышты. Анын ичинен 8 окуучу комуз чертип, 1 окуучу бий боюнча барып катышып келдик. Бул сынакка катышууда эне-аталар, мектеп жамааты  абдан жакшы көмөк көрсөтүп, демөөрчү болуп беришти. Учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдиребиз. Балдарга дем күч берип, колдоо көрсөтүштү. Ал жерге барганда өтө кооз жерлерди көрүп, кыдырып келишти. Эч кандай тоскоолдуксуз барып, байгелүү жеңиш менен келдик. Окуучулар ал жактан жакшы таасир ала алышты. Казак туугандарыбыз менен пикир алышып, чоң стимул менен кайттык».

Сол тарапта Аида Эгембердиева, оң тарапта Айзат Рахматова

Жаш таланттардын устаты, музыка мугалими Аида Эгембердиева төмөнкүлөргө токтолду: » Бул конкурска шашылыш түрдө эле катышып калдык. Окуучуларым менен кеңешип, жакшы даярдыктарды көрдүк. Даярдыктарды көрүүдө ата-энелер, мектептин жалпы жамааты абдан жакшы көмөк көрсөтүп, ар тараптан колдоп коштоп кетишти. Окуучуларым Казакстандан өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, менин эмгегимди эки эселеп актай алышты десем болот. Буюрса жакында боло турчу дагы чоң сынактарга даярдыктарды баштоого умтулуп турган кезибиз».

Бул сынакка Майрыков Эсенбек Чакиевич, Эгембердиева Аида Кеңешбаевна, Рахматова Айзат Таласбековна, Турдалиева Асел Туганбаевна балдарды даярдап, алып барып келишти.

Казакстанда болуп өткөн «Бала шабыты» сынагынын жеңүүчүлөрү бул сынакка катышуу үчүн жетекчиси Аида Эгембердиева, Эсенбек Майрыков жана Асел Турдалиева менен биргеликте жармакташып, талыкпастан абдан жакшы даярдык көрүшкөн. Албетте бул жеңиштин аркасында өтө көп эмгек, мээнет жатат.

Гулнара Кенжеш кызы