Малика Эсенгулова учурда Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде психология тармагында окуйт. Ал 9-класска чейин Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алып, кийин Нарын шаарындагы кыздар медресесин аяктаган. ЖРТдан 209 балл алып кубанса, алтын сертификатка жетпей калганына өкүнүп келет. Бирок азыркы тапта мектеп окуучуларына онлайн вебинарларды уюштуруп, алдыга максат коюу, кесип тандоо, ЖРТга даярдыктарды көрүү боюнча өз кеңешин берип келет.


«Мен окуп жаткан университеттин өзгөчөлүктөрүн айта турган болсом:
1. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Бул тилди кенен өздөштүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Тек уялбоо керек. Бул жакта мугалимдер эч кимди кыйнабайт.Сүйлөгөндөр сүйлөйт, сен уялып сүйлөбөй койсоң тилиң чыкпай калып кала бересиң.
2. Англис тилинен тышкары үйрөнүүгө түрк, немис, француз тилдерин да сунушташат.
3.Тилдерден тышкары азыркы таптын илимдерин да тандооңо жараша алып кетсең болот. Маселен, компьютердик графика, маалыматтык сабаттуулук, ж.б.
4.Университет эл аралык болгонуу себептүү көп мамлекетке окуп келүү,практикага чыгуу,же каникул учурларында иштеп келүү мүмкүнчүлүктөрү каралган”.
Малика Эсенгулова ЖРТдан 209 балл алган. Анын айтымында алган балл окуучунун өзүнүн даярдыгынан көз каранды.

Малика сынамык тестирлөөгө даярданууда үч саат гана эс алып, уктоого калытырып, калган убакытты текке кетирбестен билим алуунун үстүндө болгон.

“Жумуш көп деп актанып, башка максаттарды артка жылдырып коюу болбойт” деген ураан менен Малика медреседеги алдыңкы окуучулардын катарын толуктай алган.




Малика Эсенгулова азыркы тапта өзүн-өзү өнүктүрүү менен алдыга чоң максаттарын коюуда. Аларды ишке ашырууда албетте ата-эненин жана бир туугандарынын колдоосу маанилүү.
Акылай Алмазбекова