Динара Салиева Орусия мамлекетинин Новосибирск шаарында жашап келет. Ал жолдошу менен биргеликте “ДИВА” жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп иш алып барышат. Динара айым ОшТУнин Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Азыркы тапта үч филиалын ачып, балдарга орус жана англис тилдерин үйрөтүү менен айрым документтерди которуп берүү кызматын көрсөтүшөт. Азыркы тапта 18 адам эмгектенет.


Ишкердикте эң эле манилүү бул репутация жана ишеним деп баса белгилейт Динара айым:



Жумушчулар менен иштөөдө Динара айым ар бири менен эмгек келишимин түзөт. Аларга коюлган талаптардын так жана убагында аткаруусуна көңүл бөлөт.

“Орусияда жеке ишкерлерге шарттар түзүлгөн. Кандайдыр бир иш кылам дегендер болсо мамлекет тарабынан колдоолор ар тараптан болуп турат. Мигрантарга болгон мамилеси жакшы, көп жерде адамдын өзүнөн болот”.
Динара айым чет тилдерин үйрөтүүчү курстарды айыл жергесинде ачуу керектигин айтат. Себеби, чет өлкөгө келген мигранттар тил жагынан көп кыйынчылыктарга учурашат.


Акылай Алмазбекова