28-ноябрда Бишкек борбор калаабызда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу республикалык жаштар форуму өткөрүлдү. Бул иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагынан ийгиликке жетишкен өкүлдөрү катыша алышты.

Акылай Сейитбекова
ЮНИСЕФтин ыктыярчысы Акылай Сейитбекова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Ал бул форумга
«Форум активдүү, таланттуу жаштарга пайдалуу билим, көндүм алууга дем берүү максатында уюштурулган. 2000ге чукул өлкөнүн ар кыл бурчунан жаштар, активисттер катыша алышты. ЮНИСЕФтин ыктыярчылары дагы алардын катарында болдук. Кызыктуу маданий программанын алкагында сыйлыктар тапшырылды, президентибиз Садыр Жапаров жаштарга өзгөчө көңүл буруп, колдоорун билдирди. Форумдун аяк жагы жаштар үчүн коюлган концерттик программада коштолду».

Тамара Чойбаева
ЮНИСЕФтин ыктыярчысы Тамара Чойбаева Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Ал бул форум тууралуу өзүнүн сезимдери менен бөлүштү:
«Кыргызстандагы белгилүү уюмдарга орундар бөлүнүп берилген, орундар чектелүү болчу, ЮНИСЕФке 50 орун берилген. Мен форумга ЮНИСЕФтин ыктыярчысы катары катыштым. Көптөгөн чоң- чоң ийгиликтерди багындырган инсандардын башынан өткөн окуяларын, басып өткөн жолун, кыялдарын, мотивация берчү сөздөрүн уктук. Мен дайыма кыялдануу керек, кыялдар сөзсүз орундалат деген ойго келдим».
Ар бир адам ийгилик жаратуу үчүн аракет кылса, ал сөзсүз орундалат. Жаштардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна, өзүн-өзү өнүктүрүсүнө мындай форумдар чоң өбөлгө болот.
Гулнара Кенжеш кызы