Оттук, Казан-Куйган айылдары

Оттук: Америкалык Виллиям окуучуларга чет тилин үйрөтөт

14 Сентябрь 2023 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны: 61

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде окуучулар америкалык Виллиям Женкинс (William Jеnkins) менен иш алып барышууда. 22 жаштагы Виллиям Кыргызстанга Американын Вирджиния штатынан келген. 

Виллиям азыркы тапта мектеп окуучулары үчүн атайын ийрим ачып, иш алып барууда. Аны менен иштөө окуучулар үчүн абдан кызыктуу.

Сабак учурунда

Чет тили сабагынын мугалими Канымжамал Жуматаеванын айтымында ыктыярчы менен иш алып баруу үчүн алар  Тынчтык корпусуна кайрылуу кылышкан.

«Биз былтыркы окуу жылында Тынчтык корпусуна ыктыярчы менен иш алып барууга атайын кайрылуу киргизгенбиз. Жайында Тынчтык корпусу мугалимдерге атайын семинар уюштуруп, ыктыярчылар менен иш алып баруу боюнча окутуулардан өттүк. Азыркы тапта мектебибизде Виллиям менен иш алып баруудабыз».

Окуучулар менен иштөө

Кыргызстанга жалпысынан 26 ыктыярчы келип, атайын окуудан өтүп, ар кайсы региондорго бөлүнүшкөн. Нарын облусу боюнча жети ыктыярчы бөлүнүп, анын ичинен Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Виллиям келген.

Сезимай Эркегулова