Айыл ичиндеги таштандылар, чирибеген желим бөтөлкөлөр экологияны кирдетпей койбойт. Мындан улам ар кандай оорулар да козголушу мүмкүн. Учурда таштанды көйгөйү айыл тургундарынын демилгеси менен аз да болсо чечилип баштаган.

Айыл тургундары өз демилгелери менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө
Айылдагы «Тазалык» борборунун жетекчиси Жылдыз Миназарова окуучулар, айыл тургундары, мекеме кызматкерлери тарабынан бир нече ишембиликтер жүрүп тураарын айтат:
«Мен Жылдыз Миназарова»Тазалык» борборунун жетекчисимин. Баарыбызга белгилүү болгондой эле акыркы жылдары таштандылардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу ишембиликтер да бир нече жолу жүрүп турат. Айылдагы таштандыларды көбүнчө жолдон өткөн жүргүнчүлөр ташташат. Айыл эли биригип, ошондой учурларда таштанды таштаган адамдарды уяткарып көзөмөл жүргүзсөк, биргеликте бул көйгөйдөн кутулабыз деген ойдомун».

Нарын токой чарбасынын жетекчиси Рахатбек Эсенгул уулу экологияны коргоо, токойлорду жашылдандыруу боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Биринчиден тазаланган жер таза эмес, таштанды ташталбаган жер таза демекчи, ар бирибиз жаратылыш койнунда болобу, коомдук жайларда болобузбу дайыма айланабызды таза алып жүрүшүбүз керек. Башка жагдайларда эс алуучу жайларды жана башкаларды ар бир тийиштүү органдар өзүлөрү тазалап туруусу зарыл. Ал эми Нарын токой чарбасында жылда план берилип турат. Мисалы, алсак 2023-жылга карата жалпы беш гектар жерге ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн түрүн отургузганбыз. Бул да болсо табиятка чоң салым кошо алаарына ишенебиз».

Айыл эли Оттук капчыгайында да тазалоо иштерин жүргүзө башташты
Жаратылышты коргоо, аны таза кармоо, ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу азыркы убакта эң маанилүү, актуалдуу кадамдардын бири. Экологияны сактап калуу үчүн ар бир жаран ойлонуу менен кадам таштоосу керек.
Сезимай Эркегулова