Оттук, Казан-Куйган айылдары

Казан-Куйган: Министр Түгөл уулу Усупбек мектебине келди

12 Май 2023 жыл 8:51
Көрүүлөрдүн саны: 50

12-май күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сапары менен келип кетти. Иш-чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова келишти. Мында окуучулар мектеп ичиндеги интеграцияланган ийримдерди презентация кылышты. 

Окуучулар келген меймандарды салтанаттуу тосуп алышты

Мектеп окуучуларын «Манас таануу» интеллектуалдык сынактарга даярдап келген Гүлжан Мусабекова окуучулары менен биргеликте «Манас» эпосундагы медицина тууралуу презентация кылышты.

«Манас таануу» ийриминин презентациясы

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырып келген Гүлзада Жангазиева жетектеген «Чебер колдор» интеграцияланган ийрими келген меймандарга керектөөдөн чыккан кездемелерден пано жасап көрсөтө алышты.

Мектеп ичиндеги «Чебер колдор» интеграцияланган ийрими менен таанышуу учуру

 

«Чебер колдор» ийриминин презентациясы

Жоопкерчиликтүү керектөө айлампасын ишке ашырууда мектепте «Жаш архитекторлор» интеграцияланган ийрими да өз салымын  кошуп келет. Стол, парта, стул, шкафтарды 8-9-10-класстын окуучуларынын жасап жаткандыгы меймандарды кайдыгер калтырган жок.

«Жаш архитекторлор» ийримининин презентациясы

«Мектептер 2030» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иш аракеттерди бири бул мектепте «Сарамжал-студент» тез татымынын ачылышы. Тез татымда окуучулар үчүн натуралдуу, пайдалуу тамак-аштары жасалат. Алгачкы кардар болуп Каныбек Иманалиев бир нече тамак-аштын түрүн сатып алды.

Меймандар тез татымдан даам татышты

 

«Усупбекстан» медиа борборунун кабарчылары өзүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов жана кабарчы Баяна Кадырбекова

 

Сертификат тапшыруу учуру

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Мирбек Абыловго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри эки компьютердик класс ачуу сертификатын тапшырды. Ошону менен катар «Манас таануу» интерграцияланган ийриминин жетекчиси Гүлжан Мусабековага, ийрим мүчөлөрү Акбермет Руслан кызына, Айдеми Асановага, Таазим Шайымкуловага, «Чебер колдор» ийриминин мүчөсү Аяна Медербековага, «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбековага жана жаш кабарчы Гулнара Кенжеш кызына жайкы лагерге жолдомо тапшырды.

Баяна Кадырбекова