Оттук, Казан-Куйган айылдары

Нарын: «Урааным Манас» сынагына 1200 окуучу Манас айтты

3 Май 2023 жыл 19:58
Көрүүлөрдүн саны: 66

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарда «Инсандын руханий адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө концепциясынын жана «Улуттук нарк» Жарлыгына ылайык өлкө боюнча өткөрүлгөн кароо сынакка Нарын районунан 1200 окуучу «Манас» эпосун өзгөчө дем менен айтышты.

Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, Нарын районунун мектеп жана бала бакча директорлору, мугалимдер катышышты.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров

Бул сынакка Нарын районунун бардык  мектептери активдүү катышып,  Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Каныкейдин жомогунан үзүндү коюп беришти.

Мындай сынактар окуучулардын патриоттук сезимдерин ойготуп, эли-жерин коргоого, улуттук баалуулуктарды сактоого, улуттук маданиятты даңазалоого тарбиялайт.

Баяна Кадырбекова