Эрте нике куруу жаш өспүрүмдөрдүн келечегин талкалайт. Социалдык адистер, дарыгерлер жаш кыздардын ден соолугу жыныстык катнашка даяр эместигин айтып келишсе, юристтер эрте никени документтештирүү мүмкүн эместигин айтышат.
Социалдык педагог Мираида Ниязбек кызы эрте никеге туруу жаш өспүрүмдөр үчүн кооптуу деп эсептейт. Себеби, алар ден соолугу жактан жана психологиялык жактан да даяр эмес дейт:
“Никеге туруу үчүн адам жаш өзгөчөлүгү жактан, ден соолугу, ошондой эле психологиялык жактан даяр болушу керек. Мисалга алсак, жаш өспүрүм кыздар аябай ишенчээк болгондуктан, аларга кичине жакшы мамиле кылган адам идеал болуп көрүнөт. Эч нерсеге карабай турмушка чыгып алгандан кийин өкүнүүлөр көп болот. Анткени, ал турмушка чыгып жаткан адамдын психологиясын, мамилесин талдай албай турган учурда күйөөгө чыгып алат. “Сүйлөшүп жүргөндө башкача болчу, азыр таптакыр башкача адам болуп калды” деген сөздөр мына ушундан улам келип чыгышы мүмкүн.
Кыздар качан адамдын мамилесин, көз карашын толугу менен талдай ала турган мезгилге келгенде көпчүлүгү сөзсүз туура тандоого кабылышат. Бул жаш курак 23-25 жаштан өйдө кездешет. Бул мезгилде өспүрүмдөр толугу менен жетилип, аң сезимдери бардык нерсени байкап, көрө билген убак болуп эсептелет”.

Мираида Ниязбек кызы окуучулар менен “Акыл майданы” интеллектуалдык оюнунда
Мираида Ниязбек кызы окуучулардын билим алуусуна абдан көңүл бөлөт. Айрыкча окуучу кыздарды жогорку билим алууга, мыкты адис болуп чыгууга, ар тараптан өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү менен үгүт иштерин жүргүзүп келет.
“Мен мектепте өспүрүмдөр менен бирге иштеп келгендиктен аларга дайыма Аялдар кеңеши менен биргеликте семинар-тренингдерди өтүп турабыз. Мында окуучуларга туура тандоого, туура чечим чыгара билүүгө, зордук-зомбулукка жол бербөөгө үгүт иштери жүргүзүлүп турат. Муну менен катар кыздардын билим алуусуна да аябай көңүл бөлүнөт. Билим деңгээлин көтөрүү максатында интеллектуалдык иш-чараларды да дайыма уюштуруп келебиз”,- деди ал.
КР КЖК 174-беренесине ылайык, адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору милициянын ага лейтенанты Сабыр Абыкеев эрте никеге турган өспүрүмдөр, алардын ата-энелери, ошондой эле диний ырым-жырымдарды жасаган адам КР кылмыш жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылаарын айтат:
“Эрте никеге туруу КРнын Кылмыш жаза кодексинде белгиленгендей кылмыш болуп саналат. Эрте никеге турган өспүрүмдөргө жана аларды алмаштыруучу ата энелерине КРнын КЖК негизинде жоопкерчилик каралган. Эгер кыз жашка толо элек болсо, бирок турмушка чыкканга өзүнүн макулдугун берген күндө дагы мыйзам аларга жол бербейт. Ал эми диний ырым-жырымдарды жасаган адам дагы мыйзамдын негизинде жазаланат.
Жаш өспүрүмдөр менен иш алып барууда дайыма бул багытта дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Окуучулардын потенциалын көтөрүү максатында биз тараптан дайыма интеллектуалдык оюндар, сынактар өткөрүлүп турат.”

Сабыр Абыкеев окуучулар менен
Эрте нике куруу мыйзам бузганга барабар экендигин жаш өспүрүмдөргө канчалык деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө дагы турмуш кургандар да кездешип келүүдө. Алар бир жагынан мыйзам тарабынан жоопкерчиликке тартылса, экинчи жагынан никелерин документтештире алышпай кыйналышат. Ортодо төрөлгөн балдар документсиз, мүлксүз, мурассыз калып жаткандыгын болочок ата-энелер түшүнө беришпейт.
Нарын шаарындагы “Юр-консул” юридикалык компаниясынын юристи Фарида Тыналиева эрте никеге турган адамдар мыйзам тарабынан жоопко тартылуу менен өз убагында документтештирүү иштерин жүргүзө алышпагандарын айтат:
“Эрте никеге туруунун кесепеттери биринчиден, ал адамдар КР КЖК негизинде жоопко тартылышат. Экинчиден, никелешүү тууралуу күбөлүгүн ала алышпайт. Бул учурда алар балалуу болуп кала турган болсо, баласын атасына каттатуу мүмкүн болбойт. Аргасыздан жалгаз бой эне (мать одиночка) деп бала энесине каттатылат. Эгерде кандайдыр бир себептен алар ажыраша турган болсо, никелешүү күбөлүгү жок болгондуктан аялы жана балдары мүлксүз калышат. Ажырашкандан кийин балдарына алимент төлөнбөйт, анткени алар атасына катталган эмес. Бул учурда энеси аталыгын тастыктоо үчүн сотко кайрылышы керек болот. Бирок, укук коргоочулар анын эмне үчүн эрте никеге тургандагын изилдеп чыгуусу дагы талап кылынат. Дагы бир учур, эгерде, атасы кайтыш болгон күндө никелешүү күбөлүгү жок балдары мураска дагы ээ боло алышпайт.”
Эрте никеге туруунун мындай кесепеттерин өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Эгерде өспүрүмдөр менен иш алып барган адистер, ата-энелер туура багыт бере турган болсо, анда эрте никеге туруу да азаят.
2021-жылга карата улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, никеге турган кыздардын орто жаш курагы 23 жашты түзгөн.
Акылай Алмазбекова