Оттук, Казан-Куйган айылдары

Казан-Куйган айылында балдар чун аянтча ачылды

2 Июнь 2022 жыл 17:30
Көрүүлөрдүн саны: 46

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында балдар үчүн ойноо аянтчасы курулуп, ачылышы болуп өттү. Аянтчаны куруу үчүн жергиликтүү бийликтен 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Муну менен катар депутат  Алмазбек Баатырбеков 200 миң сомго демөөрчү болсо, айыл элинен да өздүк салым чогулган. 

Аянтчанын ачылышы

Бул аянтчаны куруу идеясы айыл тургуну Гүлүм Исаевага таандык. Ал эми долбоордун ишке ашырылышына Кубанычбек Бабаев, Мырзабек Момуналиев, Жумадил Коробаев көмөк көрсөтүшкөн. Долбоордун алкагында алар тосмолорун ширетип, отургучтарын жасашкан.  Аянтчанын курулушуна зор салым кошкон айыл тургундарына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Гүлүм Исаеванын апасы Азимкан Орозоказиева

«Кызым «Жарандар аракетте» коомдук уюмунун координатору болуп иштеп, айылдын  инфраструктурасына зор  салым кошту. Долбоордун алкагында бир нече иштерди жасаганга жетишти. Алардын ичинен балдар үчун аянтчанын курулушу эң масштабдуу болду. Курулуш иштерине айыл элин, депутаттарды, демөөчүлөрдү тарта алды. Балдарыбыз эми атайын курулган, ойноого ылайыктуу, коопсуз жерде ойношот»,-дейт Азимкан Орозоказиева.

Сыйлоо аземи

Казыбек Усупов Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы

«Буга чейин аянтчанын курулушуна 500 миң сом акча каражаты каралган экен. Дагы айыл өкмөтүн эсебинен 120 миң сом аянчанын айланасын  тосууга жана башкаларга керектедик. Курулуш иштерине айыл эли да 22 миң сом чогултуп беришти. Азыр жыйынтыктап,  бүгүнкү  «1-июнь Балдарды коргоо күнүнө» карата аянтчаны ачуу салтанатын кылып жатабыз»,-дейт Казыбек Усупов.

Гүлбайра Жамгырчиева айыл тургуну

Мектепте мугалим болуп иштеп, эмгек эргүүгө чыккан айылдын ардактуу атуулу Гүлбайра Жамгырчиева аянтча айыл эли, балдар үчүн абдан  пайдалуу болгонун баса белгиледи.

«Бул Казан-Куйган айылындагы аянтчанын курулушу абдан жакшы иш болду деп ойлойм. Себеби, айыл тургундарынын баарында балдарыбыз бар. Балдар үчүн аянтча алардын эс алышына, ойношуна, тарбия алышына абдан чоң өбөлгө болду деп ойлойм. Кичинекей балдардан чоңуна чейин  ар түрдүү оюндарды ойноп,  көңүлдөрү ачык болот. Балдар менен бирге  апалары, тайнелери, чоң апалары кошо келип эс алып кубанычка бөлөнөт. Бүгүнкү күн болсо балдардын да майрамы экен. Аларга  арналып бүгүнкү аянтчанын ачылышына абдан кубанычтамын. Келечегибиз болгон балдар үчүн эң чоң жумуш болду деп эсептейм»,-деди ал.

«Баатыр эне-Шорукова Какен» атындагы балдар бакчасынын жалпы жамааты жана  жаш тарбиялануучулары чакан майрамдык маанай тартуулашты. Салтанаттын аягында балдарга балмуздактар таратылды.

Наиля Жанарбек кызы, Аяна Ырысбек кызы