Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Нарын облустук жаштар конгрессинин төрагасы Жылдызбек Кабылбек уулу жана Кызыл Ай Коомунун ыктыярчысы Бегай Кубанычбек кызы менен менен жолугушту.
Жолугушуу Нарын районундагы Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө өттү. Жолугушуу окуучулардын өз күчү ишенимин арттыруу, максат кое билүү жана ошого жетүүгө болгон аракеттерин жумшоого окуучуларды шыктандыруу максатын көздөгөн.

Жалпы катышуучулар

Жылдызбек Кабылбек уулу окуучуларга туура максат кое билүү тууралуу маалымат берип жаткан учуру

Адина Кубанычбек кызы уюштуруучулар тобунун мүчөсү
Бул жолугушууну мектеп окуучулары атайын демилге көтөрүп чыгып, уюштура алышты. 9-классынын окуучусу Адина Кубанычбек кызы жолугушуу аркылуу окуучулардын өзүлөрүнө туура максат кое билүүгө, кесип тандоодогу катачылыктарга кабылбоого, мекенге кызмат кыла билүүгө багытталган маалыматарга ээ болуусуна багыт берүүгө мүмкүн экендигин баса белгиледи. Окуучулар бир эле сабак берген мугалимдерден эмес, Мекендин өнүгүүсүнө салымын кошуп келген инсандардан да билим алуу керектигин келечек муунга сунуштап келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кызыл ай Коомунун ыктыярчысы Бегай Кубанычбек кызы ыктыярчылыкка кызыккан окуучуларды Кызыл Ай Коомуна да кабыл алуу боюнча маалыматтарды берип, окуучуларга өнүгүүгө, жаңыча билим алууга, жашоого болгон көз караштарын өзгөртүүгө шыктандырды.
Эркеайым Замирбек кызы