Оттук, Казан-Куйган айылдары

Зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында айыл элине окутуу өткөрүлдү

28 Апрель 2022 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 64

Нарын районундагы Он-Арча айыл аймагына караган Оттук айылынын депутат айымы Мыскал Байгазиева айыл тургундары үчүн зордук-зомбулуктун алдын- алуу максатында  «Ынтымак бар үйдө жашоо керемет» аталышындагы семинар-тренинг өттү. Иш-чара Оттук айылындагы китепканада өткөрүлүп, ага Он-Арча жана Оттук айылдарынын жергиликтүү бийликтин депутаттары жана айыл тургундары катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшү

Мыскал Байгазиева зордук зомбулуктун кесепеттери, себептери тууралуу ар кандай мисалдарды келтирүү менен айыл элинин зомбулукка каршы турушуна багыт бере алды.  Муну менен катар бала тарбиялоодогу ата-эненин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролу тууралуу да токтолуп, замандын өнүгүүсү менен адамзаты да өнүгүү үстүндө болушу керектигин катышуучуларга баса белгиледи.

Катышуучуларга берилип жаткан маалыматтар абдан кызуу жаратты

«Бул семинар-тренингди атайын долбоор жазып, ишке ашырып жатабыз. Мындай семинар-тренингдер мындан ары дайыма өтүлүп турмакчы жана муну менен катар үй-бүлө ынтымагын бекемдөө максатында да ар кандай кароо-сынактарды  сунуштап, өткөрүүгө аракет кылабыз»,-дейт Мыскал Байгазиева.

Талкуулоолорду жүргүзүүдө ар бир ой баалуу

Эгерде мындай семинар-тренингдер айыл эли үчүн байма-бай өтүлө турган болсо, анда ага катышкан ар бир адам өзүнүн иш-аракеттерине да байкоо жүргүзүүнү үйрөнөт. Өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыт ала баштайт. Анча-мында баласына көрсөткөн зомбулукту токтотуп, балага туура тарбия берүүнү үйрөнүү менен жаркын келечек тартуулай алышат.

Эркеайым Замирбек кызы