Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттук айылынын кулуну Кутман Садыбакасов баш байгенин ээси боло алды. Айтышка эки мамлекеттен биригип, жалпы 16 төкмө акын катышышкан.

Кутман Садыбакасов сол тарапта

Жалпы катышуучулар
Кутман Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алган. Ал бала кезинен эле Манас айтууга, ырга шыгы бар эле. Мектепте билим алып жүргөн убакта мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Гүлжан Мусабекова «Манас таануу» ийримине катыштырып, «Алтай» командасынын мүчөсүндө «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык турунда баш байгени багындырышкан.
Сабак берген эжейлери Кутмандын төкмө акындык талантын «Манас» эпосу ачкан деп айтып калышат. Чындыгында эле, «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынан кийин ал ар тараптуу кароо-сынактарда, айтыштарга катышып, өзүнүн күчүн сынап көрө баштаган. Эң алгачкы жеңиши 2019-жылында Кыргы-Казак эл аралык айтышында 2-орунду ээлеген.
Наиля Жанарбек кызы