Оттук, Казан-Куйган айылдары

Окуучуларга табигый кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

1 Март 2022 жыл 7:29
Көрүүлөрдүн саны: 57

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн табигый кырсыктар жана алардан коргонуу, сактануу, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Окуучуларга табигый кырсыктары боюнча Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныбек Карабагышов  маалыматтарды берди.

Жаныбек Карабагышов

Жер титирөө деген эмне?

Жер титирөө өзүнүн кыйраткыч күчү менен адамзатка жана айлана-чөйрөгө абдан чоң залал келтирүүчү коркунучтуу табигый кубулуш. Эки же андан ашык тектоникалык плиталардын каршылаш кыймылда бири-бирине тирелип сүрүлүшүнөн келип чыккан чыңалуудан улам топтолгон энергиянын чукул бошонуусу жер астында жарылуу жаралып, ал жер кыртышынын үстүнкү бетин толкун сымал кыймылга келтирип, силкинет.

Мындай тектоникалык мүнөздөгү жер титирөөдөн башка да аталган табигый кубулуш жанар тоонун атылышы, көчкү жана ядролук жаодыруу сыяктуу техногендик себептерден улам да келип чыгышы мүмкүн.

Окуучулар кырсыктын залалдары, алдын алуу, саткануу чаралары боюнча өз ойлорун талкуулашты

Кырсыктын залалдары:

  • үйлөрдүн, коомдук турак жайлардын, курулуш имараттардын бузулушу;
  • электр зымдарынын чукул туташуусунан учкундап өрт чыгуу коркунучу;
  • газ, мунайзат, жылуулук жана суу өткөргүч түтүктөрүнүн бузулушу;
  • жер катмарында чоң жаракалардын пайда болуусу;
  • адамдардын жашоо шарттарынын бузулушу;
  • эл топтолгон жерлерде дүрбөлөңгө түшүү, коркуу, адамдарды кооптуу, калпыс жүрүм-турумга мажбурлап, өмүр үчүн коркунуч келтирет.

10-класстын окуучулары коргонуу чаралары боюнча кенен маалыматтарды бере алышты

Алдын алуу чаралары:

  • курулган имараттардын дубалдарына, көтөрүп туруучу устундарына, тирөөчтөрүнө өз алдынча кайра куруу, бузуу иштерин жүргүзүүгө тыую салынат;
  • жер титирөө кайсы жерде, кандай күчтө болоору тууралуу болжолдоолорду биле жүрүү жана пайдалануу;
  • сейсмикалык жактан туруктуу имараттарды куруу жана мурун курулган сейсмикалык туруксуз үйлөрдү, имараттарды бекемдөө;
  • сейсмикалык туруктуу курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоо.

Сактануу чаралары:

  • өзгөчө кырдаалдар боюнча адистердин сейсмикалыккоркунуч боюнча талаптарына кеңештерине дайыма көңүл буруу жана аткаруу;
  • жер титирөө коркунучу бар аймактын жашоочулары ар дайын бир нече күнгө жете турган тамак-аштын, кийим-кечектин жана тез жардам көрсөтүүчү дары-дармектердин запасын сактап алуусу керек;
  • көчөдө имараттардын, тирөөчтөрдүн, көпүрөлөрдүн, электр линияларынын жанына жолобоо керек;
  • автоунаанын ичинде болгон учурда унааны токтотуп, эшикти ачып кабинадан чыкпай туруу керек.

Эсиңизде болсун!

  • жер титирөө болуп жаткан учурда эң керектүү документтериңизди, акча каражаттарын өзүңүз менен кошо ала чыкканга аракет кылыңыз;
  • жер титирөө учурунда лифти колдонбоңуз, тепкичтерден түшөөрдүн алдында этият болуңуз, аладын бекемдигин текшерип алыңыз;
  • эгерде жер титирөө учурунда имараттын ичинде болсоңуз кооптуу жерге жашыныңыз (бурчтар, ички дубалдар);
  • термелүүдөн кийин от жандыргыч, ширеңке, шам колдонбоо керек, себеби газ чыгып жаткан болсо өрт чыгып кетиши мүмкүн;
  • жылыткыч, батарея менен түтүктөрдү үн берүүчү сигнал катары колдонуңуз.

Эркеайым Замирбек кызы