Оттук, Казан-Куйган айылдары

Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды

21 Февраль 2022 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны: 46

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.

Гулнура Исмаилова

Гулнура Исмаилова 1987-жылы Он-Арча айылында туулган. 2004-жылы мектепти аяктап, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде билим алган.

«Садык-Ата» балдар бакчасында 2013-жылдан тартып тарбиячы болуп иштеп келген. Иш тажрыйбасында ар тараптуу сынактарга катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган.

Учурда жолдошу Адылбек Тиленбаев менен үч баланы тарбиялап келишет.

Наиля Жанарбек кызы