Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Манас атабыздан алган осуят — Мекенге кызмат кылуунун башаты — Терең билим!» аталышында иш- чара болуп өттү.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын облустук китепканасынын директору Анара Байгабатова, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун адиси Жылдыз Капарова, таймаштын демөөрчүсү, коомдук ишмер Алмазбек Баатырбекович, Баластан каналынын продюсери, таймаштын автору Кундуз Аманова, КР «Эмгек сиңирген артисти», белгилүү манасчы Рысбай Исаков жана КР Билим берүү жана илим министрлигинен Гульнара Ибраимова, КР Мамлекеттик «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы Чыңгыз Мамбеткулов жана жергиликтүү бийликтин депутаттары, мектепке жакындан колдоо көрсөтүп келген меценат Асанбек Тиленчиев, ж.б. меймандар катышты.
Алгач меймандардын сапары Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталып, мектептеги иш алып барып жаткан интеграцияланган ийримдердин мастер класстары менен таанышты.

Иш-чаранын катышуучулары

Мектептеги «Эко-Мед» интеграцияланган ийриминин презентациясы

«Биоландия» интеграцияланган ийрими эксперименттерди көрсөтүп жаткан учуру

«Жаш архитекторлор» ийриминин иши
Андан соң, Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө мектептин «Жаш таланттар» ийриминин окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мында меймандарга «Манас» эпосунан үзүндү коюлуп, улуу эпостон Манас айтылып, жаш таланттардын концерти тартууланды.

«Келечек» бийчилер тобу
Катышуучулар «Манас» эпосундагы инновация, илим билим, астрономия, архитектура, дипломатия темасында илимий презентацияларына күбө болушту.
Иш- чаранын соңунда мектептин коомдук турмушуна, инфраструктурасына кошкон зор салымы үчүн бир катар меймандарга, жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш- чара жогорку уюшкандыкта өтүп, мектеп жамааты заман талабына ылайык иш алып барып жаткандыктарын далилдей алышты.
Эркеайым Замирбек кызы