Оттук, Казан-Куйган айылдары

2022-жылы Казан-Куйган айыл өкмөтү эмне иштерди аткарат?

12 Январь 2022 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны: 51

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл өкмөтүндө декабрь айында жыл жыйынтыгы чыгарылып, келе жаткан 2022-жылга жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте иш пландар түзүлгөн. Анда айылдагы социалдык мекемелердин абалына жараша ремонттон өткөрүү иштери жана кышка даярдануу маселелери, айылдын экологиялык абалы каралып, пандемия учурундагы мигранттардын кайтып келүүсү менен жумушсуздук көбөйүп, анын алдын алуу боюнча маселелери каралып чыккан.

Чыңгыз Мамбеткулов Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы

2022-жылга карата кандай иштер аткарыла тургандыгы боюнча Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамбеткулов төмөнкүлөргө токтолду:

“2022-жылга карата бир кыйла маселелерге токтодук. Эң глобалдуу маселелердин бири катары айылыбыздагы Шорукова Какен апа атындагы бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү. Себеби, бала бакчанын мекемеси абдан эски болгондуктан, күнөсканаларынын азыркы учурдагы абалы аябай кооптуу болуп жатат. Күнөсканалар жараксыз болуп, астыңкы бөлмөлөрдүн дубалдарына да зыянын тийгизүүдө. Бул маселе боюнча райондук финансылык бөлүмүнө документтерди тапшырганбыз, ал жактан атайын комиссиядан өтүп, жооп келсе, биз бюджеттен акча каражатын бөлүп, капиталдык ремонттон өткөрөбүз.

Бала бакчанын мекемесинин күнөөсканасынын учурдагы абалы

Экинчи маселе бул айылды толук таза суу менен камсыз кылуу. Айылдагы жогорку чөлкөмдөргө суунун басымы аз болгондуктан, айылдын кээ бир аймактарында таза суу чыкпайт. Таза суу боюнча АРИС менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Жаздын асты менен айыл элин таза суу менен камсыз кылганга аракет кылабыз. Муну менен катар таза суу ишканасын да иштетип, дасыккан адистерди жумушка алуу пландалды.

Айылды көрктөндүрүү боюнча “Сэмаыль Ундон” кореялык фонду менен биргеликте иш алып барууну пландап жатабыз. Өткөн жылдын ноябрь айында фонд тарабынган уюшулган конференцияга катышып келгенбиз. Азыркы учурда Жаманаалы Жыргалбеков фонддун талабына ылайык айылды көрктөндүрүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат. Буюрса бул долбоор ишке кирсе, анда, атайын жумушчулар кабыл алынып, айылдагы жумушсуздук бир аз болсо жоюлат деген ниеттебиз.

Айылдын жолдорун да оңдоп түздөө иштери аткарылат буюрса. Жолдорго атайын шагыл төгүлүп, түздөтүлөт. Бул планыбыз менен бирге Кара-Талаа чөлкөмүнүн жолдору да каралмакчы.
Жаз асты менен каналдар, жасалма сугаруу иштери жана жайлоолорго көчүү маселелери да  биринчи кезекте каралат.”

 

Акылай Алмазбекова