Учурдагы айлана-чөйрө көйгөйлөрү жана экологиянын өзгөрүшү коомдун социалдык-экономикалык өзгөрүшүнө себеп. Азыркы учурда калктын саны көбөйүү менен бирге өндүрүштүн көлөмү да өсүүдө. Муну менен катар таштандылардын көлөмү бир кыйла көбөйдү десек жаңылышпайбыз. Өнүгүүнүн тездеши бир топ пайда алып келүү менен экосистемага олуттуу зыян дагы алып келүүдө.
1970-жылдан тартып, ЮНЕП (Бириккен улуттар уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы) “кыйроосуз өнүгүү” (development without destruction) деген терминди кеңири колдоно баштаган. Кийинчерээк экологиялык жактан таза өнүгүү, башкача айтканда айлана-чөйрөгө таасири аз өнүгүү дегенди билдирген “экоөнүгүү” (ecodevelopment) деген термин жайыла баштаган.
Жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча эл аралык союзу сунуш кылган “Дүйнөлүк жаратылышты колдоо стратегиясы” (1980-ж.) өнүгүүнүн туруктуу болушу үчүн анын экономикалык жагын гана эмес, социалдык жана экологиялык жагын да эске алуу керектигин баса белгилеген.
Туруктуу өнүгүү – экономикалык, экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн динамикалык процесси. Туруктуу өңүгүү шартында жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экономика, илимдин жана техниканын жетишкендиктери, адамдын жеке өнүгүүсү жана коомду башкаруудагы өзгөрүүлөр бири-бири менен айкалышып турат. Туруктуу өнүгүү адамзаттын жана келечек муундардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн учурдагы жана келечектеги потенциалды күчөтөт.
( БИОМ ЭК материалдарынан алынды http://www.biom.kg/activities/policy)
Азыркы учурдагы экологиялык көйгөйлөрдүн келип чыгышы жана аларды чечүү жолдорун, адамдарда экологиялык маданиятты калыптандырууда кандай иш аракеттер жасалышы керек тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов төмөнкүлөргө токтолду:
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби 2019-жылы ООНдун ЮНЕП – айлана чөйрөнү коргоо программасы тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан координацияланып, «Регионалдык өнүктүрүү институту» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» долбоорунун жеңүүчүсү аталып, райондук мектептерге, айыл тургундарына экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган семинарларды байма-бай өтүп келет. Мындан сырткары мектептин, айылдын инфраструктурасына туруктуу жашоо образын калыптандыруу багытында иштерди аткаруу менен айыл тургундарына экологиялык маданиятты жайылтып келет.

Мектептин директору Казыбек Асылбеков
Мектептин директору Казыбек Асылбеков долбоордун алкагында жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берди:
“Алгач мектептин аймагы жалпы корукка алынып, мектептин юридикалык документтерге ылайык аймагы такталды. Көп жылдан бери такталбай келген мектептин аймагы такталып, чек арасына атайын планга ылайык 700 теректин көчөтүнүн 320 даанасы отургузулду. Этнопарк, дендропарк, питомник, биоучастоктор жайгашуучу жер тилкелери тазаланып, ирээтке келтирилди. Бул жерлерде көп жылдан бери эски чала бузулган курулмалар, эски авариялык абалдагы ажааткананын курулмалары бузулуп, орду тазаланып, мектептин эски отканасынан мектепке кирген суу трассасы, сугат иштери, жазгы кар эриген мезгилде мектепке каптап туруусун эске алып, казылып кайра топурак менен толтурулду.
Мектептин ирээтке келтирилген жер тилкелерине сабиз, кызылча, капуста, арпанын үрөөнү себилип, күзүндө мол түшум ала алдык. Мектеп аймагындагы арыктар ирээтке келтирилип, компосттук аңгек (компостная яма) жасалды.
Кайра иштетүү, жоопкерчиликтүү керектөө жана улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү багытында мектептеги окуучу кыздардын ийримине тигүү машинасы (пятинитка оберлок) алынып келинди. Буга чейин ийрим окуучулары 2019-жылдан бери мугалимдин жеке тигүү машинасы менен иш алып барып келген.”
Жоопкерчиликтүү керектөө Туруктуу өнүгүү концепциясынын 12 максатында белгиленген. Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде дал ушул максатты ийгиликтүү ишке ашырган Гүлзада Жангазиева жетектеген “Чебер колдор” ийрими саналат. Бул ийримде окуучулар керектөөдөн чыккан материалдарды, кийиз буюмдарды, кагаздарды, ж.б. кайра иштетүү жолу менен керектүү буюмдарды жасап, жарманкелерди уюштуруп келишет.
Акылай Алмазбекова, Акбермет Руслан кызы