Оттук, Казан-Куйган айылдары

Машыктыруучу: «Спортто машыгууда, турнирге катышуу да аралыктан мүмкүн эмес!»

7 Декабрь 2021 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 57

Нарын районундагы Жан-Булак айыл аймагындага Ташболот Апсалиев атындагы спорт комплексинде облустук деңгээлде эркин күрөш боюнча биринчилик өткөрүлдү. Бул иш-чарага Нарын, Кочкор, Жумгал, Ат-башы, Ак-Талаа райондорунан окуучулар катышышты. 

Бул мелдешке Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинен Кубанычбек кызы Сирень, Айдеми  Эсенгулова, Аймончок Асанбекова, Мираида Алмазбекова катышышты.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

3-орунду багындырган Аймончок Асанбекова (оң тарапта экинчи)

«Мен кичине кезимден эле күрөшкө катышып келем. Бул спорттун түрү мага абдан жагат. Мен 40 кг салмакта турнирге чыктым. Мага пандемия машыгууга аябай эле тоскоол болду. Себеби, атайын залдарга барып машыгууга шарттар түзүлбөй калды. Бирок, биз аракет кылып агайыбыз менен биргеликте аз убакыттын ичинде даярданып жетише алдык деп ойлойм»,-дейт Аймончок Асанбекова.

«Пандемия учурунда окуучуларды машыктырууда бизде көп кыйынчылыктарды жаратты. Спортто аралыктан машыгуу, мелдештерди аралыктан өткөрүү таптакыр мүмкүн эмес! Күрөшкө кызыккан кыздар машыгуу залына келип, атайын белгилүү бир убакыттын ичинде машыга алышкан жок.  Бирок ага карабастан байгелүү орундарга ээ болушканы биз үчүн чоң сыймык!»-дейт Мурат Искенов.

Айдеми Эсенгулова (оң тарапта биринчи)

Ал эми Айдеми Эсенгулова Айсулуу Тыныбекованы кумир тутуп, Айсулуудай мыкты спортчу-айым болгусу келгенин айтып, ал үчүн бардык күчүн жумшаарын баса белгиледи. Бул мелдеште Айдеми өзүнүн салмагынан жогору болгон беттешүүгө чыгып, 3-орунду ээледи.

Мелдеш өткөрүлүп жаткан спорт комплексинде медициналык кызматкерлер катышуучулардын пандемиянын шарттарын аткаруусун көзөмөлдөп турушканын баса белгиледи машыктыруучу Муратбек Искенов.

 

Акбермет Руслан кызы