Оттук, Казан-Куйган айылдары

Окуучуларды жүрүм-турумун жакшыртуу талкууланды

1 Декабрь 2021 жыл 7:09
Көрүүлөрдүн саны: 67

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар үчүн жыйналыштар өткөрүлдү. Жыйналышка Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги Талантбек Ашырбаев, милициянын ага лейтенанты Сабыр Абыкеев жана “Калем лидерлер” академиясынын уюштуруучусу Мамбетасан Ибраев катышышты.

Жыйналыштын жүрүшү

Милициянын подполковниги Талантбек Ашырбаев

“Бул жыйналышта окуучулардын таалим тарбиясы, жүрүм-туруму тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жыйналыш окуучуларга өзүнчө жана ата-энелерге өзүнчө өткөрүлүп жатат. Себеби, балдарга тиешелүү маселелерди балдар менен, ал эми балдарга таалим-тарбия берүү боюнча маселелерди ата-энелер менен өзүнчө талкуулоону туура көрдүк.

Жыйналыштын максаты турмуштук мисалдардын, окуялардын негизинде окуучулар жана ата-энелер өзүлөрү кетирген кемчиликтерге байкоо жүргүзүү менен туура багыт тандап алууну көздөгөн. Тартип, тарбия орун алган жерде билим алууда да ийгиликтер көп жана жашоо тынч болот”, — дейт Талантбек Ашырбаев.

 

Мамбетасан Ибраев

Мамбетасан Ибраев: “Азыркы учурда бардык эле мектептерде балдардын адеп-ахлагы тарабынан көйгөйлөр пайда болууда. Биздин максатыбыз балдарды адеп-ахлакка, илимге, билимге умтулууга шыктандыруучу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү.”

Жыйналыштын соңунда Мамбетасан Ибраев Нарын шаарындагы “Калем лидерлер” академиясы тууралуу маалымат берди. Бул академияга жеке эле окуучулар же студенттер эмес, билим жаатында эмгектенген мугалимдер үчүн да курстар бар экенине токтолду. Академияда биринчи кезекте окуучулардын таалим тарбиясына, андан соң математика, информатика, ЖРТга даярдоо, окуучулардын лидерлик сапаттарга ээ болууга жана чет тилдерин өздөштүүрүүгө басым жасалгандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле академияда Кембридж мектебинин системасында билим алып келген атайын адистер сабак берүү менен окуучуларга эл аралык сертификаттарга ээ болууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ошондой эле, декабрь айы «Адеп-ахлак айы» деп жарыяланып, окуучулардын жүрүм-туруму, өзүлөрүн таалим-тарбиясы менен өзгөчөлөнүү менен башкаларга таасир берүү максатын көздөгөн.

 

Акбермет Руслан кызы